Казакстанда AlemGPT жасалма
интеллект платформасын ишке киргизүү бирдин айына пландаштырылган.
Негизги мамлекеттик кызматтар ага акырындык менен кошулат. Учурда өлкөдө бул мультиагенттик
система сыноодон өтүп жатат. Бир платформада казакстандыктар жана бизнес
мамлекеттик кызматтарды толук циклде ала алышат деп мерчемделүүдө. «Улуттук маалыматтык
технологиялар» компаниясынын адистери белгилегендей,
AlemGPT өткөн жайда ишке киргизилген Alem Cloud суперкомпьютеринин
ресурстарынын эсебинен иштейт. Бот колдонуучуну бардык
этаптарда диалог форматында коштоп жүрөт - баштапкы суроодон акыркы натыйжага
чейин. Эң негизгиси - AlemGPTге өзүңүздүн абалыңызды текст менен сүрөттөп берүү
керек, ал керектүү кызматтарды тандап, керектүү маалымкаттарды онлайн режиминде
толтурууга жардам берет. Бул үчүн системага байланыш жана калкка
кызмат көрсөтүү борборлорунун маалыматтарынын негизинде түзүлгөн бирдиктүү
база интеграцияланат. Суроолорду түшүнүү үчүн
система ата мекендик тил моделине туташтырылган жана ал казак, орус жана англис
тилдерин тааныйт.
Куандык Жайлашев,
«Улуттук маалымат технологиялары» ак департаментинин мүдүрү:
- АлемGPT AI-агент
платформасында курулган, ага ар кандай тил моделдерин туташтырууга болот.
Учурда биз өзүбүздүн улуттук тил моделибизди (LMM) туташтырдык, аны азыр
үйрөтүп, өнүктүрүп, биринчи
мамлекеттик кызматтарды кошуп жатабыз. Анын жылдар бою чогулткан билим базасы
бар, аны биз байланыш борбору жана калкты тейлөө борбору аркылуу чогултканбыз. Бул
билим базасын биз мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана консультациялык
суроолорго жооп берүү үчүн колдонобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

