Казакстандык мектеп окуучулары өткөн окуу жылында эң
абройлуу предметтик олимпиадаларда 465 медаль утуп алышты. Ошентип, биздин
курама команда 25 эл аралык илимий долбоорлордун сынактарына жана долбоорлоруна
катышты. Аяк оонадан баш оонага чейин окуучулар 56 алтын, 167 күмүш жана 242
коло медалга ээ болушту. Казакстандык мектеп окуучулары табигый-математикалык,
коомдук-гуманитардык илимдер, ошондой эле лингвистика, экономика жана философия
сыяктуу сабактар боюнча өз билимдерин татыктуу көрсөтүштү.
Айгуль Каркулова, «Дарын» РИПБунун мүдүрүнүн орун басары:
- Бүгүнкү күндө окуу-машыгуу жыйындары биздин атамекендик
даярдоочулар, ошондой эле чет элдик адистерди тартуу менен өткөрүлүп жатат.
Окуу жылынын аягына чейин география боюнча курама командабыз, ошондой эле
информатика боюнча курама командабыз баш оона
айынын аягында жана аяк оона айынын башында өтө турган Олимпиадага
катышат. Биздин балдар дагы жакшы, мыкты натыйжалар менен келишет деп
үмүттөнөбүз.
Балдардын эл аралык мелдештерге даярдыгын күчөтүү
максатында мындан ары өздөрү жеңиш жолун басып өтүп, эл аралык олимпиадалардын
байге ээлери болгон машыктыруучулар ассоциациясын түзүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары, биздин өлкөдө жана чет өлкөлөрдө интенсивдүү окуу-машыгуу
жыйындарын өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков