Казакстандын төрт жогорку окуу жайы Times Higher Education дүйнөлүк рейтингинде мыктылардын катарына кирди. Британ журналында 11 предмет боюнча миңдеген университеттер сунушталган. Мисалы, Назарбаев университети (НУ), Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университети, Лев Гумилёв атындагы Евразия Улуттук Университети жана Сатбаев университети 9 багыт боюнча дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларынын катарына кирди. Атап айтканда, бул билим берүү, искусство, инженерия, медицина жана коомдук илимдер. Белгилей кетсек, рейтинг университеттерди окутуу, илимий ишмердүүлүк, изилдөө сапаты жана эл аралык кызматташуу сыяктуу критерийлер боюнча баалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

