Казакстандыктар
эл аралык айдоочулук күбөлүк ала алат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн Ички иштер
министрлиги мамлекеттик кызматты ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Республикада эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жол кыймылын жөнгө салуучу
ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, 1968-жылкы жол кыймылы боюнча Вена
конвенциясына ылайык, Казакстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү ага кол койгон
өлкөлөрдө жарамдуу. Азыркы учурда бул тизмеге 80ден ашык өлкө кирет. Ошондой
эле, Казакстандын айдоочулук күбөлүгү Жапония менен Индияда да жарамдуу.