Премьер-Министр Жамбыл облусунда саламаттыкты сактоо обьектилерин жаңыртуу иши менен таанышты

Премьер-Министр Жамбыл облусунда саламаттыкты сактоо обьектилерин жаңыртуу иши менен таанышты

Жамбыл облусунда 26 саламаттыкты сактоо мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Анын 20сы Улуттук долбоордун алкагында ишке ашууда. Бул катарда амбулаториялар, фельдшердик-акушердик пункттар бар. Ошондой эле облуска медициналык жабдууларды жана 30 санитардык унаа сатып алууга 4,5 миллиард теңге багытталган. Бул тууралуу өлкө Премьер-Министрине баяндалды.

Өкмөт башчы облустун фармацевтика тармагынын өнүгүүсү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин жаңылоонун жүрүшү менен таанышты. Олжас Бектенов «Super-Рharm» заводунда болду. Компания ата мекендик медициналык мекемелерге жылына 300 миллион даана бир жолу колдонулуучу инъекциялык ийнелерди, токума эмес материалдардан жасалган буюмдарды, жабышчаак чаптамаларды, спирттүү майлыктар менен камсыз кылууну мерчемдеп жатат. Бул жерде чийки заттан тартып даяр өнүмгө чейин технологиялык процесстин толук цикли бар.

Кайрат Каймолдаев, «Super-Рharm»  заводунун башкы мүдүрү:

– Быйыл 16 миң чарчы метр жаңы имаратты ачып жатабыз. Мындан тышкары, бул жерде инсулин залалдуу шишикке каршы онкологиялык дары жана ветеринария ачайын деп жатабыз. Кийинки жылы бардыгын ишке киргизебиз. Мындай завод Казакстанда эле эмес, бүткүл КМШда жок. Биз чаптамадан тартып системага чейин баарын чыгарабыз. Кээ бир чыгарган заттар боюнча Казакстандын 95% үлүшүн түзөт.

Республикада «Айылда саламаттыкты сактоону жаңылоо» улуттук долбоорунун алкагында жалпысынан 655 объект курулат. Калктуу конуштарды дарылоо мекемелеринин жаңы имараттары менен камтуу өткөн жылга салыштырганда 2 эсеге артты. Премьер-Министр бир катар жаңы объектилерди кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле квалификациялуу адистердин жетишсиздик көйгөйүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков