Казакстандык окумуштуулар суукка чыдамдуу күздүк буудай сортун ойлоп тапты. «Чөл» деп аталган бул үрөн Улуттук агрардык илимий-билим берүү борборунун адистеринин эмгегинин натыйжасы. Эгиндин бул түрү гибриддик сорттордун ичинен жеке тандоонун натыйжасында алынды. Буудайдын жаңы сорту жогорку түшүмдүү жана тез өсөт. Эң негизгиси үшүккө, ысыкка, кургакчылыкка, ооруларга туруштук бере алат. Бир гектардан 40 центнерге жакын түшүм алынат. «Чөл» сорту бардык изилдөөлөрдөн жана эксперименттерден ийгиликтүү өтүп, патент алган. Өлкөнүн түштүгүндөгү дыйкандар эгин себүүгө киришти. Окумуштуулардын божомолунда күздүк буудай өлкө боюнча жакшы өсөт деп болжолдонуп жатат. Ал тургай, туруксуз аба ырайы да тоскоол болбой турганы анык. Бүгүнкү күндө чет элдик дыйкандар ата мекендик окумуштуулардын жаңычылдыгына кызыгуучулук таанытып жатышат.
Анарбай Ортаев, Саркырама айыл чарба тажрыйбалык станциясынын башкарма төрагасы:
– «Чөл» аттуу жаңы буудай сортун 2014-жылы алдык. Үч жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында 2017-жылы бул үрөн республиканын үч облусуна эгиле баштады. Жаңы үлгүлөр Алматы, Жамбыл, Түркестан жана Кызылорда облустарынан алынды.
Арнур Шакерханов, улуттук агрардык илимий-билим берүү борборунун басма сөз кызматынын башчысы:
– Бул сорт ботаникалык жактан бай жана ар түрдүү. Гостианум гибриддүү түрүнө кирет. Аны жакшы өстүрүү үчүн үзгүлтүксүз суугарып, жер семирткичтер менен байытып туруу зарыл. Суукка туруштук бере алат. Мындан тышкары, өсүп-жетилүү учурунда чачырап кетпестен тез майдаланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков