Казакстанда калктын кирешесин жогорулатуу программасы иштелип чыкты. Планга ылайык, документ келерки жуманын аягына чейин кабыл алынат. Премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжанов белгилегендей, долбоор бир нече бөлүктөн турат. Башкы көңүл башкарма жана өндүрүштүк кызматкер ортосундагы киреше айырмачылыгын теңештирүүгө коюлат. Бул квазимамлекеттик секторго да тиешелүү болот.
Ералы Тугжанов, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары:
- Бул биринчи кезекте эмгек кирешесине, бизнестин кирешесине тиешелүү. Албетте, кирешени көбөйтүү маселеси жогорку эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана тажрыйбага түздөн-түз байланыштуу. Андыктан келечекте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого басым жасалат. Бул багытта конкреттүү маселелер колго алынууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков