Еgov.kz порталында ишкерлерге арналган жаңы кызмат түрү пайда болду

Еgov.kz порталында ишкерлерге арналган жаңы кызмат түрү пайда болду

Негиздөөчү уставдык капиталдагы үлүштөрүн ишенимдүү башкарууга берүү жараянын онлайн жүзөгө ашыра алат. Башкача айтканда, азыр бул ишти үйдөн чыкпай эле аралыктан жасоого болот. Мындан тышкары, бизнестеги үлүшүн ишенип тапшыруу мөөнөтүн өзгөртүү жана кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жаңы кызмат юридикалык жактарга да, жеке жактарга да бирдей жеткиликтүү жана акысыз көрсөтүлөт. Еgov.kz порталындагы ишкерлерге арналган башка да электрондук кызмат түрлөрү сындуу жаңы кызмат экономикалык жигердүү коомдун убакытын үнөмдөө, иш кагаздарын жүргүзүүнү жана административдик тоскоолдуктарды мүмкүн болушунча жоюуга багытталган.

Арай Уразова, «Улуттук маалыматтык технологиялар» АК башкарма төрагасынын орун басары:

Биздин порталда юридикалык жактар үчүн болжол менен 93 кызмат түрү бар. Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте биз жарандар жана ишкерлер үчүн бизнес-жараяндары оптималдаштыруу боюнча жигердүү иштеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков