Костанай облусунда чыккан өрт көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Талгат Уали билдирди. Анын айтымында, Баганалы жана Лесное конуштарына жакын жердеги эки өрт тутанган жерде жалын менен күрөшүү иштери жүрүп жатат.
Талгат Уали, Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү:
- Жумуштарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 тик учагы, 4 өрт өчүрүүчү поезд, миңге жакын адам жана 200 техника тартылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков