Казакстан курамасы робототехника боюнча дүйнөлүк чемпионатта мыкты аталды

Казакстандын робототехника командасы Сингапурда өткөн First global Challenge дүйнөлүк чемпионатынан жеңиш менен кайтты. Намысты колдон чыгарбаган Алматынын физика-математика багытындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучулары 191 өлкөнүн өкүлдөрүн рекорддук көрсөткүч менен утуп алышты. Алдыга озуп чыккан казакстандыктар былтыр Женевада жеңген чемпиондук наамын дагы бир жолу тастыкташты. Эл аралык жарышка Улуттук кураманы машыктыруучу Бекзат Инкаров жетектеп барды.

Бекзат Инкаров, NIS PhM Almaty «Технологиялар» лабороториясынын жетекчиси:
-
Былтыр бул номинация боюнча баш байгеге ээ болгонбуз. Ал кезде бир аз толкунданганыбыз чын. Бул жолу биз чоң даярдык менен келдик. Быйылкы сынак кандай өтөөрүн билгенден кийин тапшырмаларды жакшылап иштеп чыктык. Машыгуулардын жүрүшүндө биз кайсы иш-аракеттер үчүн жогорку балл аларыбызды аныктап алдык. Мындан тышкары биз башкаларга караганда эки жума эрте кызуу даярдыктарды баштадык. Биз дүйнөлүк аренада кездешүүсү мүмкүн болгон бардык  тобокелчиликтерден буйтап өтүү жолдорун карап чыктык.

Робототехникадан жыл сайын өтүүчү дүйнөлүк мелдештин темасы суутекти отун катары колдонуу менен байланыштуу болду. Мектептин окуучуларына сынак талаасында суутек жана кычкылтек атомдорун талдап алууга жөндөмдүү эсептегичти кураштыруу талабы коюлду.

Дамели Шаймерденов, NIS PhM Almaty катышуучусу:
-
Биз атаандаштарга караганда көбүрөөк упай топтой алдык. Бир талаада 6 команда күч сынашты. Анда жерге чачылган атом сымал шарларды тез чогултуу талабы коюлду. Экинчиден, алар чоңунан кичинекейине чейин чоңдугу боюнча иреттелиши керек болду. Бул мезгилдин ичинде бир аз убакытты үнөмдөөгө жетиштик. Анткени республикалык сынакта да ушундай эле тапшырма берилген. Биз роботубузга атайын чыпкалоо функциясын коштук. Бул чечим биздин жеңишибизге чоң салым болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков