«Хабар» агенттиги жана «Харекет» кайрымдуулук фонду муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүштү. Кайрымдуулук иштин демилгечилери Гүлдана Калдыбаеванын үй-бүлөсүнө турак жай сертификаты ыйгарылды. Жалгыз бой эне үч баласын жалгыз тарбиялап келет. Ал көп жылдар бою турак жай алууну кыялданчу. Канчалык кыйынчылык болсо да эч кимден жардам сурабай, баарына өзү жетишүүгө аракет кылган. Гүлданага башкы белектен сырткары үйдүн ичин жасалгалоо сертификаты тапшырылды.
Гүлдана Калдыбаева, жалгыз бой эне:
- Чоң рахмат. Эмне дээримди да билбей турам. Ушул оор мезгилде муктаж болгондорго жардам бергениңиздер үчүн рахмат. Мындай белек түшүбүзгө да кирген эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков