Баш оона айынын он сегизи - өлкөнүн тынчтыгын күнү-түнү кайтарган чек арачылар күнү. Быйыл Чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 29 жыл толду. Мангистау чек арачылары бул датаны чоң жетишкендиктер менен белгилеп жатышат. Быйыл алар браконьерлик менен күрөшүүдө мамлекеттин бюджеттине чыгым алып келе турган 2 миллиардга жакын теңгенин алдын алышты. Өлкөгө уруксатсыз кирүүгө аракет кылган 350дөн ашуун чет өлкөлүктөр кармалып, жоопко тартылган.
Ерик Турганбаев, РКнын УКК Чек ара кызматы аймактык департаментинин башкарма башчысы:
- Алардын 5и мамлекеттик чек араны бузушкан. Дагы 155и чек ара режимин бузгандыгы үчүн, калган 200ү аймактык жана ички суу режимин бузгандыгы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылган. Биздин чек арачылар Каспий деңизинин биологиялык ресурстарына 1 миллиард 800 миллион тенгеден ашык зыян келтире турган чыгымдын алдын алып жатышат.
Белгилей кетсек, Казакстандын чек арачылары жалпы узундугу 15132 чакырымды түзгөн чек арада иштейт, анын 13 миңден ашыгы кургак аймак. Чек аранын периметри боюнча 101 өткөрүү пункту бар. Буга катар, суу чек арасы дагы корголгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков