Казакстандыктар өзүнүн аз кубаттуу кайра жанма энергия
булактары объекттеринен ашкан электр энергиясын сата алат. Ал кубаттуулугу 200
киловатт-сааттан ашпаган күн панелдери же шамал орнотмолору болушу мүмкүн. Бул
үчүн орнотмо ээсине жеке ишкер катары катталуу кажет эмес. Кайра жанма
энергия булактарын пайдалануучуларды колдоого багытталган мыйзам долбоорун
Мажилис биринчи окууда кабыл алды. Төмөнкү палата депутаттарынын айтымында,
электр энергиясын колдонуу ыргагы жылдан жылга өсүп келе
жаткандыктан, жарандар алган энергия булагын жеке үйдө, батирде же өз
муктаждыктары үчүн жана чарбачылык
менен ишкердикте да пайдаланса болот. Мындан
тышкары, аталган документ «жашыл» энергияны
сатуучулар алдындагы тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Анын соңку баасын белгилөө укугу Табигый
монополияны жөнгө салуу комитетине берилет. Элдин каалоосуна ылайык, кайра
жанма энергия булактарынын чакан объекттеринин
жалпы электр тармагына кошулуу тартибин жана энергия булагын сатып алуучу менен сатуучунун
ортосундагы келишим документтерин түзүү эрежелерин да компетенттүү органдар жөнгө салат. Ал
эми кичи суу электр станцияларына келе турган болсок, мыйзам долбоору аларга
электр энергиясын жеке менчик ишканаларга жеткирген компанияларга түз сатуу
укугун берет.
Бауыржан Смагулов, Парламент
Мажилисинин Депутаты:
- Күн панели мурда 100 киловатт-саат кубаттуулук менен
чектелсе, бүгүнкү күндө 200 киловатт-саатка чейин коюуга болот. Анын ичинде чакан
жана орто ишкана болушу мүмкүн же социалдык объект, мектеп, жеке турак жай
болсо да болот. 200 киловатт-сааттын 50сүн гана өзүм колдонушум мүмкүн. Анын
ичинде дагы 150сүн энергия менен камсыз кылуучу
компанияга атайын тариф менен да сата алам. Бул энергия булагынын жеткирилиши акысыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков