Казакстандык 50дөн ашык таза технологиялар тармагындагы стартаптар колдоо алышат

Казакстандык 50дөн ашык таза технологиялар тармагындагы стартаптар колдоо алышат

Астанада GCIP-Kazakhstan улуттук академиясы өтүп жатат. Бул катышуучуларды акселерацияга даярдоонун негизги этабы. Ага тажрыйбалуу менторлордон жардам ала турган келечектүү эко-стартаптар кирди. Аларга окутууда, идеяларды илгерилетүүдө жана чечимдерди коммерциялаштырууда колдоо көрсөтүлөт. Мындай долбоорлордун бири - өлкө боюнча мектептер үчүн билим берүү программасы. Окуучулар өздөрү окуу жайларындагы энергиянын, суунун жана таштандылардын чыгымы жөнүндө маалыматтарды чогултуп, андан кийин аларды кантип кыскартуу керектигин чечишет. Программанын иштеп чыгуучуларынын айтымында, мындай ыкма балдарга жаратылышты кантип коргоону жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү болууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Долбоор пилоттук режимде ишке ашырылууда.

Гульжазира, Темир Кайрат кызы, долбоордун катышуучусу:

- Суу ресурстарын башкарууну алсак. Биз билебиз, эгерде биз, мисалы, аэраторлорду орнотсок, суунун көлөмүн, керектөөнү азайтабыз. Ооба, мектептин кошумча чыгымдары болот, бирок кийинчерээк алар коммуналдык төлөмдөрүн азайта алышат. Бул биз киргизе ала турган мисалдардын бирин келтирдим. Мектептер өздөрүнүн маалыматтарын атайын платформабызга киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышат, анда алар реалдуу убакытта канча көмүртек изин азайткандыгын эсептеп чыгышат.

Таза технологиялар жаатындагы глобалдык инновациялар программасына катышуу үчүн өлкө боюнча 350 арыздын ичинен 51 долбоор тандалып алынды. Катышуучулар энергиянын натыйжалуулугу, кайра жанма энергия булактары, таштандыларды башкаруу, сууну үнөмдүү пайдалануу, жашыл курулуш сыяктуу багыттар боюнча демилгелерди сунушташты. Белгилей кетсек, GCIP-Kazakhstan академиясы БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму жана Жашыл технологиялар менен инвестициялык долбоорлор боюнча эл аралык борбор менен биргеликте ишке ашырылууда.

Кевин Брейтуэйт, GCIP стратегиялык өнөктөшү:

- Улуттук академиянын иши бир жерге ишкерлерди, насаатчыларды жана серепчилерди чогултуп, биргелешип иштөөсүн камсыз кылуу болуп саналат. Жыл сайын катышуучулардын саны көбөйүп жатканын белгилей кетким келет. Катышуучулар бир гана өлкөнүн масштабында ой жүгүртпөстөн, өздөрүнүн иштеп чыгууларын бүткүл дүйнөгө жайылтууга аракет кылып жатканы кубандырат. Биздин максат аларга бул максатка жетүүгө жардам берүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков