Референдумда казакстандыктар жогорку жигердүүлүктү көрсөтүүдө. Түштө шайлоочулардын жарымынан көбү өз тандоосун жасоого жетишти. Референдумдун Борбордук комиссиясынын маалыматына караганда, саат 14:00дө 6 миллиондон ашык казакстандык добуш берди.
Сабила Мустафина, Борбордук референдум комиссиясынын мүчөсү:
- Республикалык референдум жөнүндө Казакстан Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 31-пунктуна ылайык, эгерде референдумга катышууга укугу бар жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө катышса, референдум өттү деп эсептелет.
Чет өлкөдөгү казакстандыктар да референдумда активдүү добуш берүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдирди.
Роман Василенко, ТИМнин орун басары:
- Биздин жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу үчүн Казакстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин алдында 59 мамлекетте 74 участкалык референдум комиссиясы түзүлгөн. Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны – 12 307. Жалпысынан биздин жарандардын чет өлкөлөрдө добуш берүү процесси жогорку жигердүүлүк менен өтүп жаткандыгын байкап жатабыз.
Бул жаатта белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө референдумдун көшөгөсүн ачкан жана акыркы болуп жабыла турган шайлоо комиссиялары чет өлкөлөрдө жайгашкан. Албетте, мунун баары убакыт айырмасынан көз каранды. Ушундан улам, кээ бир сайттар азырынча ачыла элек.
Жеңис Ермуканов, кабарчы:
- Кадимки убакыт алкагына ылайык, чет өлкөдөгү эң биринчи шайлоо участогу эртең мененки саат 7:00дө Токиодо ачылды. Башкача айтканда, Астана убактысы боюнча түнкү саат үчтө. Ал эми акыркы участок Сан-Францискодо жабылат. Бул Астана убакыты менен тогуздун айынын 7де таңкы саат 10:00гө туура келет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков