Бүгүн президент Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнам Республикасына
расмий сапары башталды. Ханойдун «Ной-бай» аэропортунда мамлекет башчысын
Вьетнамдын президентинин аппаратынын башчысы Ле Кхань Хай жана башка жогорку
даражалуу жетекчилер тосуп алышты.
Касым-Жомарт Токаев баштаган Казакстандын
делегациясы алгач Ба Динь аянтында жайгашкан улуттук баатырлардын эстелигине
жана Хо Ши Миндин мавзолейине барып, гүлчамбар коюшту. Бул аянт Азия мамлекети
үчүн тарыхый чоң мааниге ээ. Дал ушул жерде 1945-жылы аяк оона айынын 2де
Вьетнамдын көз каранды эместиги жарыяланган. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт
Токаевдин расмий сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп,
вьетнамдык ишкер топтордун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар мерчемделип
жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков