Казакстан Президенти коргонуу инновациялары менен таанышты

Казакстан Президенти коргонуу инновациялары менен таанышты

Казакстан Президентине коргонуу жана коопсуздук тармагындагы инновацияларды колдоо боюнча Defense Tech борбору тааныштырылды. Бул демилге Куралдуу Күчтөрдүн жана улуттук коопсуздук тутумунун муктаждыктары үчүн ата мекендик технологиялык чечимдерди аныктоого, тандоого жана тездетип өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорду өлкөнүн Коргоо министрлиги ишке ашырууда. Борбор Алматыдагы Армия үйүнүн базасында ачылып, ал жерде стартап-командалар, илимий уюмдар жана индустриалдык өнөктөштөр баш кошкон. Ал эми иштерди координациялоо үчүн Astana Hub аянтчасында Defense Tech кеңсеси уюштурулду. Ал коргоо ведомствосу, бизнес жана илим чөйрөсүнүн ортосунда туруктуу байланышты камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков