Сенат кызматкерлер укугун коргоону күчтөндүргөн мыйзамды кабыл алды

Сенат кызматкерлер укугун коргоону күчтөндүргөн мыйзамды кабыл алды

Казакстанда жарым-жартылай иштеген жарандардын кызыкчылыгы эл аралык деңгээлде корголот. Өлкөнүн Сенаты бул тууралуу мыйзамды кабыл алды. Документ бардык кызматкерлердин бирдей укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Буга байланыштуу казакстандыктарды социалдык жактан коргоону күчөтүүгө артыкчылык берилет. Анын талаптары кызматкерлердин жана ишканалардын айрым категорияларынан башка чарбалык иштин дээрлик бардык тармактарына тиешелүү. Эске салсак, бул конвенция 1994-жылы Эл аралык эмгек уюмунун Башкы конференциясында кабыл алынган.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Бул Конвенция толук эмес иштеген жумушчулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Атап айтканда, алардын эмгек акыга, ошондой эле эмгек коопсуздугу менен гигиенасына, социалдык камсыздандырууга, жыл сайын акы төлөнүүчү же оорусу боюнча эмгек өргүүсүнө байланыштуу укуктарын коргойт.

Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, өткөн жылдын 4-кварталында 470 миңге жакын адам ар түрдүү тармактарда толук эмес убакыт боюнча иштеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков