Мамлекет башчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Мамлекет башчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Казакстандын президенти Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Ал иш сапары менен Астанага келди. Касым-Жомарт Токаев достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк алкагында эки тараптуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп келе жатканын белгиледи. Буга жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз саясий диалог, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү менен парламенттеринин макулдашылган иши өбөлгө түзөт. Жолугушууда Орусия президентинин Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарын да талкуулашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков