Казакстан менен Тажикстан товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирет

Казакстан менен Тажикстан товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирет

Казакстан менен Тажикстан жакынкы арада товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын мамлекеттик сапарынын алдында Душанбеде өткөн соода-инвестициялык форумда белгилүү болду. Тараптар бизнес-чөйрөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, соода чөйрөсүндө кызматташтыкты жолго коюуга, өз ара инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурушту. Белгилей кетсек, биздин өлкө Тажикстандын алдыңкы 5 соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн катарына кирет.


Тажикстанда Казакстандын маданият күндөрү башталды


Ошондой эле Тажикстандын борборунда Казакстандын маданият күндөрү башталды. Алар казактын улуу акыны Абай Кунанбаевге бюсттун салтанаттуу ачылыш аземи менен башташты.


Аида Балаева, Казакстандын маданият жана маалымат министри:


- Абайдын эстеликтери дүйнөнүн көптөгөн шаарларында - Каирде, Будапештте, Пекинде, Ташкентте, Москвада, Тегеранда орнотулган. Тажикстандын борбору казак элинин даңктуу уулунун элесин түбөлүккө калтырган дагы бир дүйнөлүк борбор болуп калды. Бирок биз үчүн эң негизгиси бул жөн гана маанилүү окуя эмес, андан да жакындашуу жана руханий, маданий жактан байытуу.


Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында Тажикстанда көркөм тасмалар, көргөзмөлөр, ошондой эле ата мекендик артисттердин катышуусунда гала-концерт өтөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков