Казакстандыктар климат боюнча жаштар форумунда мыкты деп табылды

Казакстандыктар климат боюнча жаштар форумунда мыкты деп табылды

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында казакстандык жаштардын экология темасындагы сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өттү. Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарада глобалдык жылуулук маселеси талкууланууда. Казакстандын жаш сүрөтчүлөрүнүн экспозициясы «Эң мыкты арт иш-чара» деп аталды.

София Гамазова, көргөзмөнүн арт мүдүрү, форумдун катышуучусу:

- Бардык иштердин негизги темасы – экология жана айлана-чөйрө. Баары жүрөккө жылуу тиет. Айрыкча, 8 жаштан 17 жашка чейинки балдардын глобалдык маселелерден кабардар болгондугу таасирдүү болду. Конференциянын жыйынтыгында 3 миңден ашык делегаттын ичинен «Эң креативдүү» деп табылдым.

Алматылык окуучулар София менен Диана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча жаштар форуму тууралуу социалдык тармактардан таанышып, катышууга чакыруу алышкан. Дианага Казакстандын коруктары боюнча дарс окуу милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары, ал беткаптарга айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үндөгөн билдирүүнү кантип жазуу керектиги боюнча мастер-класс өткөрдү.

Диана Гамазова, форумдун катышуучусу:

- Беткапка көк океандын сүрөтүн тартып, аны желим капкак жана момпосуй кагазы менен толтурууга болот. Ушундайча беткаптагы сүрөттөр аркылуу элди айлана-чөйрөнү булгабоого үндөп, көйгөйлүү маселеге көңүл бурдурууга болот.

БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясында жаштар форуму 16 жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын негизги өзгөчөлүгү – өсүп келе жаткан муун расмий көз карашын БУУга түз жеткире алуусунда. Иш-чаранын жыйынтыгында жаштар программалык документти даярдап, дүйнөлүк лидерлердин талкуусуна коюшат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков