Түштүк Кореянын экинчи чоң шаары Пусанда Казакстандын Башкы консулдугу ачылды. Эми Күн чыгыш өлкөсүндө жашаган мекендештер паспортун алмаштыруу, нике күбөлүгүн каттоо жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 300 чакырымдан ашык жол басып Сеулга барышпайт. Мегаполис бийлиги бул эки өлкөнүн экономикалык жана маданий кызматташтыгын жакшыртат деп ишенет.
Пак Ын Ха, Пусан шаарынын эл аралык мамилелер боюнча элчиси:
- Казакстанда Kей-поп жана жалпы эле корей маданияты популярдуу экенин билебиз. Пусан - туризм менен кинонун борбору. Ошондуктан туризм тармагындагы кызматташуубуз бекемделет деп ишенем.
Чон Чжон Пхиль, Пусан шаарынын эл аралык кызматташтык фондунун башкы катчысы:
- Кулжа айынын 24ү 26сы күндөрү аралыгында биздин фонд Казакстандын элчилиги менен биргеликте Пусан шаарында биринчи казак кинофестивалын уюштурат. Евразиялык шаарлар форумуна да даярдыктар көрүлүүдө. Бул форум Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө багытталган.
Пусан - Кореянын экинчи чоң шаары, ал эми жергиликтүү деңиз порту дүйнөдөгү эң чоң беш порттун бирине кирет. Пусандан Казакстанга унаа тетиктери жана мотор майлары ташылат. Бул деңиз порту аркылуу Казакстандан мунай, уран импорттолот.
Бакыт Дүйсенбаев, Казакстандын Корея Республикасындагы элчиси:
- 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 3 миллиард 200 миллион долларга жетти. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгында эки тараптуу сооданын көлөмү 1,2 миллиард доллардан ашты.
Казакстанга инвесторлордун кызыгуусу бир топ өстү. Бүгүнкү күндө көптөгөн кореялык компаниялар өндүрүш ишканаларын Казакстанга көчүрүү жолдорун караштырып жатышат. Көптөгөн бизнес сунуштар бар. Ошондуктан инвестиция тартуу үчүн Казакстандын Улуттук компаниясынын өкүлчүлүгүн Пусан шаарында ачуу чечими кабыл алынды. Ал Башкы консулдуктун имаратында жайгашат.
Айгүл Нуралина, Инвестицияларды тартуу боюнча улуттук компаниянын өкүлү:
- Литий, кобальт, никель сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүүгө, аны кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө кызыктар. Дагы бир айта кетчү нерсе, мисалы, электр чубалгыларын чыгарууга да болот. Мындай өнүмдүн абдан чоң көлөмү экспорттолот, тагыраагы Кореядан Казакстанга жана КМШ өлкөлөрүнө ташылат. Азыр мындай өндүрүштү түзүүгө же Казакстанда иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоого чоң мүмкүнчүлүк бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков