V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби тааныштырылды

V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби тааныштырылды

«Улуу талаа дүбүртү». Келерки жылы Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушундай уран алдында өтөт. Борбор калаада атактуу оюндун расмий логотиби тааныштырылды. Анда көчмөн элдердин дүйнө таанымынан алынган күн баштуу атчан адамдын элеси чагылдырылган. Талаа мелдештеринин спорттук-маданий программасы да жарыяланды. Дүйнөлүк иш-чарага 100дөн ашуун мамлекеттен 4000дей спортчу келери күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууга өз каалоолорун билдиришти. Мелдештин катышуучулары улуттук жана элдик оюндардын 20 түрү боюнча күч сынашат. Мындан тышкары көчмөндөр цивилизациясынан кабар берген ар кандай билим берүү, маданий жана илимий иш-чаралар уюштурулат. Бул масштабдуу жана кызыктуу оюндарга күбө болуу үчүн борборго 100 миңден ашык турист келет деп күтүлүүдө.

Ермек Маржыкпаев, V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети төрагасынын орун басары:
- Учурдан пайдаланып, этникалык салттуу спорт идеясына жакын бардык өлкөлөрдү Астанада өтүүчү көчмөндөр оюндарына катышууга чакырам. Келерки жылдын аяк оона айында борборго келе турган бардык спортчуларга, расмий делегациялар жана туристтерге ыңгайлуу, коопсуз шарттарды түзүп беребиз. Бүткүл дүйнөлүк бешинчи оюндар чыныгы спорттук майрамга айланат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков