Казакстанда балдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн коллекциялык монеталар чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 500 теңгелик күмүш, 100 теңгелик мельхиордон жана нейзильберден жасалган монеталардын топтому Тilashar деп аталат. Бул «Казакстандын салт-санаалары, улуттук оюндары» сериясын улантат. Күмүш тыйындар түстүү эмалдан жасалган, ал эми мельхиордон жасалгандарда беттик каптоо технологиясы колдонулган. Улуттук банктын өкүлү монеталарды сатуу качан башталаарын кийинчерээк жарыяла тургандыгын маалымдады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков