Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү. Мамлекет башчысы Алматыда жана башка аймактарда административдик имараттарды, социалдык-коммуналдык объектилерди реконструкциялоо иштерин тезинен баштоону тапшырды. Ал ошондой эле башаламандыкта келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков