Борбор калаада салтка айланган «Аскер сурнайы» фестивалы башталды. Үч күн бою өлкөнүн 9 аскерий бөлүгүнүн музыканттары шаардын негизги аянттарында жана бульварларында жүрүш жасашат. Алардын арасында Улуттук гвардия академиясынын оркестрлери жана «Түштүк», «Борбор», «Батыш» жана «Чыгыш» аймактык командачылыктарынын курама аскердик оркестрлери бар. Кошумчалай кетсек, иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Президенттик, Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын жана Коргоо министрлигинин борбордук оркестринин парады болот. 9-жолу өтүп жаткан фестиваль казак полициясынын 30 жылдыгына арналды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, маданий иш-чара көрүүчүлөргө классикадан рокко чейин түрдүү стилдерди жана компзоцияларды көрсөтөт.
Асхат Мухамедияров, Улуттук гвардиянын аскерий-оркестрдик борборунун башчысы:
- Аскердик музыкалык фестивалдын негизги максаты - өсүп келе жаткан муундарды патриоттук духта тарбиялоо. Биздин оркестрдин репертуары ар түрдүү. Белгилей кетсек, бардык оркестрлер ачык асман алдында өнөрлөрүн тартуулашат. Репертуарда популярдуу классикалык, элдик жана эстрадалык музыкалар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков