Казакстандыктар документтерге биометрия жолу менен кол коюшат

Казакстандыктар документтерге биометрия жолу менен кол коюшат

Электрондук санариптик кол тамганы алуу жана колдонуу жеңилдейт. Бул ишти биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен булут кызматы аркылуу жасаса болот. Бул учурда тутум файлдын өзүнүн системасы болбой калат жана электрондук санариптик кол тамга аралыктагы серверлерде сакталат. Бул тууралуу Өкмөттүн жарандар үчүн өкүлдөрү бирифинг учурунда билдиришти. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин ишке киргизүү мерчемделүүдө. Серепчилердин айтымында, eGov мобилдик тиркемесинде биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен авторизация жана каттоо ишке кошулган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстанда 5 миллионго жакын адам Электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП) алган.

Суйениш Абдильдин, жарандар үчүн өкмөт мамлекеттик корпорациясы нао төрагасынын биринчи орун басары:

- Биометрикалык идентификация аркылуу бул электрондук цифралык кол тамга чакырылат жана ЭЦКны жеке ID картаңызда же USB флешкаңыз менен ар дайым алып жүрүү же болбосо компьютерде өзүңүз менен бирге алып жүрүүнүн кажети жок. Башкача айтканда, адамдар өздөрүнүн флэш-дисктерин жоготуп алышып, биздин Калкты каттоо кызматына ЭЦКны жаңыртуу үчүн тынымсыз келип турушат. Булутка негизделген санариптик кол тамга шартында мунун бардыгы аралыктагы серверде сакталат. Ал эми биометрикалык шайкештигин текшерген адамдар автоматтык түрдө аталган ЭЦКны чакырып, документтерге кол койот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков