Казакстан санариптик атаандаштык рейтингинде аймактагы өлкөлөрдөн эле эмес, Америка менен Европадагы бир нече мамлекеттерден озуп кетти. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан 63 өлкөнүн ичинде 36-орунга жайгашты. Муну менен Португалия, Италия, Венгрия, Хорватия, Индия, Польша, Румыния, Бразилия, Түркия сыяктуу ири мамлекеттерди артта калтырды. Finprom.kz порталынын маалымдашынча, эл аралык IT рейтингине кирүүнүн өзү өлкөнүн санариптик өнүгүү боюнча аброюн көрсөтүп турат. Мындан тышкары IMD World Digital Competitiveness Ranking бул тизмеге КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанды гана кошкон. Бул да болсо Казакстандын санариптештирүү жаатындагы өнүгүү деңгээлин көрсөтүп турат. Аны эл аралык институт да тастыктап жатат. WDC өз рейтингинде өлкөлөрдү 3 негизги фактор: билим берүү, технология жана келечекке даярдык боюнча баалайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков