Мунай баасы арзандап жатат

Мунай баасы арзандап жатат

ОПЕК+ келишиминдеги бирдиктүү пикирдин жоктугунан, кара алтындын баасы туруксуздашып, арзандап жатат. Мисалы, Brent мунайынын баасы 75 долларга чейин түшүп кетти. Бир нече күн мурун эле бир баррели 80 доллардан сатылып жаткан.

Инвесторлор Бириккен Араб Эмираттары менен Сауд Аравиясынын ортосундагы талаш-тартышка тынчсызданышууда. Тараптар мунай өндүрүүнү бир тараптуу көбөйтөт деген болжом бар. Бул дүйнөлүк мунай баасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эске салсак, альянстын акыркы жыйынында ушул жылдын баш оона айында мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртүүгө байланыштуу макулдашуу боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Мындан улам, жолугушуу жылдырылдган эле. БАЭ Сауд Аравиясынын азыркы келишимди 2022-жылдын аягына чейин узартуу сунушуна караманча каршы. Башка катышуучу өлкөлөрдүн көпчүлүгү өндүрүш көлөмүн келерки айдан баштап суткасына 400 миң баррелге чейин жеткирүүнү көздөп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков