Натыйжада жакынкы үч жылда 800 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, үчүнчү нөөмөт маселеси толугу менен чечилет. Ыңгайлуу мектеп улуттук долбоорунун алкагында заманбап билим берүү борборлору курулат. Аларды курууга эки жарым триллион теңгеден ашык каражат бөлүнөрүн Казинформ билдирди. Республиканын ар кайсы аймактарында, алыскы айылдарда ыңгайлуу мектептер пайда болмокчу. Бекитилген планга ылайык, алардын көбү Алматы, Түркестан, Мангыстау облустарында жана Шымкент, Астана, Алматы шаарларында курулат. Ал эми Казакстандын башка аймактарында, кичи шаарларында пайдубалы бирдей түптөлгөн. Балдардын санына жараша жети түрү бар: 300, 600, 900, 1200, 1500, 2000, 2500 орундуу болот. Алардын ар биринде робототехника бөлмөсү, бир нече лаборатория, хореографиялык зал, үч коворкинг бөлмөсү болууга тийиш. Башталгыч, орто жана жогорку класстын окуучулары үчүн өзүнчө гимназиялар каралган. Ар бир класс интерактивдүү доска жана компьютерлер менен жабдылат. Мындан тышкары жаңы билим берүү мекемелеринде өзгөчө балдар үчүн тоскоолдуксуз шарттар түзүлөт. Башкача айтканда, пандустар, лифттер, дааратканалар жана инклюзивдик билим берүү класстары болушу милдеттүү. Ошондой эле, архиктектура обьектилеринин улуттук үлгүдө болушуна өзгөчө маани берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков