Казакстанда
өндүрүштүк жаракат алуу
абдан өзөктүү маселе болуп жатат. Буга
байланыштуу мамлекет башчы жыл сайын элге жасаган кайрылуусунда ушул жылдын
аягына чейин өндүрүштөгү кесиптик кыйынчылыктардын алдын алууга жана жоюуга
багытталган 2030-жылга чейин коопсуз эмгек концепциясын кабыл алууну тапшырды. Мындан тышкары,
Касым-Жомарт Токаев кызматкерлердин тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымын жана
алардын ден соолугуна келтирген зыянын эске алуу менен тармакта иштегендерге 55
жаштан баштап атайын социалдык төлөм төлөнөрүн белгиледи.
Вилен Молотов-Лучанский, медицина илимдеринин доктору:
-Албетте, өтөмакы өтө маанилүү тема. Биз бул жөнүндө көп айтып
келебиз. Анткени өндүрүш жайларында адамдар ден соолугун курмандыкка чалышат. Кен
жайлары өлкөнүн экономикасы үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан ага жараша
компенсация төлөнгөнү туура. Бул жер астында иштегендер жана металлургдар үчүн
абдан жакшы болду. Аларга социалдык колдоо, ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө
колдоо көрсөтүү болуп саналат.