Каирде Султан Бейбарыстын урматына мечит ачылды

Каирде уюштурулган мааракелик иш-чаранын алкагында улуу колбашчы тууралуу жазылган китептин бет ачар аземи, ошондой эле белгилүү өкүмдардын урматына «Султан Аз-Захир Бейбарыс» мечитинин ачылышы болду. Ага Казакстандан Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация да катышты.

Төрага өз сөзүндө Бейбарыс султандын ысымы дүйнө тарыхында даанышман жана адилеттүү башкаруучу ошондой эле улуу колбашчы катары алтын тамгалар менен жазылганын белгиледи. Белгилей кетсек, Бейбарыстын 800 жылдык мааракеси казак эли жана египеттиктер үчүн терең маңыздуу жана маанилүү окуя. Мааракенин алкагында эки өлкөдө 600дөн ашык иш-чара уюштурулган. Сенаттын Төрагасынын айтымында, мамлекет башчысы бул мааракени жогорку деңгээлде өткөрүүгө басым жасоодо.

Маулен Ашимбаев, Сенат Парламентинин төрагасы:

Дегеле эки элдин ортосундагы байланыштын тамыры терең. Анын башталышынын бири Египет жылнаамасындагы мамлюк доору экени белгилүү. Алардын арасында Бейбарыс султандын аты да айтылат. Египеттин улуу кол башчысынын тушунда мечит-медреселердин курулушуна, өлкөдө руханий тарбия менен катар илим-билимдин өнүгүшүнө чоң көңүл бурган. Бүгүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылып жаткан “Султан Аз-Захир Бейбарыс” мечити Египет менен Казакстан үчүн гана эмес, ислам дүйнөсү үчүн да кайталангыс маданий мурас экени анык. Ошондуктан анын оңдолуп-түзөтүлүшү дүйнөлүк тарых жана маданият үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков