Казакстандыктар атом энергетикасын өнүктүрүү маселесин талкуулоодо

Казакстандыктар атом энергетикасын өнүктүрүү маселесин талкуулоодо

Казакстанда өлкөнүн аймактарында жана шаарларында энергетика тармагын, анын ичинде атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси кызуу талкууланууда. Алматыда бизнес, коомдук уюмдар жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү чогулду. Катышуучулар АЭСти куруу республикадагы энергия тартыштыгы көйгөйүн комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берерин белгилешти. Мындан тышкары, көп деңгээлдүү коопсуздук тутуму менен кубаттуу энергия булагын орнотуу өлкөнү туруктуу жана жеткиликтүү электр тарифтери менен камсыз кылат.

Ертуган Үмбеткулов, Energo University профессору:

- Азыркы учурда АЭС - бул жеке адистин каталарын автоматтык түрдө бөгөттөө болуп саналат. Бул АЭСтин ишинин коопсуздугун далилдейт эмеспи. Түнкүсүн эки тарифтик системаны киргизүүгө жетишебиз. Мында түнкү убакта кубаттала турган энергоаккумуляторлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Келечектеги энергетиктер, башкача айтканда бүгүнкү студенттердин айтуусунда АЭС - өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүү жана экологиялык ыкмасы. Атомдук станциялардын иштеши аба ырайына көз каранды эмес. Ушундан улам, ал ишенимдүү деп эсептелет.

Алишер Саббит уулу, студент:

- Мен келечектеги энергетик катары өзөктүк энергия ар дайым биринчи орунда турат деп айта алам, анткени бардык өнүккөн өлкөлөрдө өзөктүк энергия жакшы өнүккөн. Жашыл энергияга салыштырмалуу ал туруктуулугу жана кубаттуулугу жогору. Бара-бара кадрлар көбөйүп, энергетиктер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Карагандалык активисттер алдыдагы референдум масштабдуу жалпы улуттук диалогдун дагы бир көрүнүшү жана «угуучу мамлекет» концепциясын ишке ашыруунун көрүнүктүү мисалы болоруна ишенишет.

Дмитрий Полтаренко, Караганды облусунун жарандык альянс бирикмесинин президенти:

- Бул дагы социалдык-экономикалык себептердин бири. Албетте, тогуздун айынын 6да өтө турган референдумду айтпай коюуга болбойт. Мындай маанилүү маселе элдин талкуусуна коюлуп, көпчүлүктүн каалоосу эске алынганы көп нерсени айтып турат. Мен үчүн бул Казакстандын жаңы багытынын көрсөткүчү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган бардык казакстандыктарды референдумга катышууга чакырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков