Өлкөнүн жарандары атайын борборлордо квалификациясын жогорулатып, аны тастыктай алышат. Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Сертификатты жумушсуздар, иш берүүчүнүн атайын жолдомосу аркылуу же жарандар өз алдынча ала алышат. Негизинен, бул кызмат тейлөө тармагынын адистерине – кеңсе чеберлерине, сантехниктерге, электриктерге жана башкаларга арналган. Бирок кызматтын бул түрүн мугалимдер, дарыгерлер жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле жогорку билимдин кесиптик дипломун талап кылган адистер колдоно албайт. Ал эми тектеш кесиптер боюнча чечим кесиптик квалификация боюнча тармактык кеңештер тарабынан кабыл алынат. Алар мыйзам долбоорунун алкагында ар бир мамлекеттик органдын базасында түзүлөт. Белгилей кетсек, Казакстан жарандары сертификатты кийинки жылдан тарта ала алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков