Баш оона айынын 12си Эл аралык жаштар күнү. Буга байланыштуу Казакстанда “Жаштар жумалыгы” башталды. Бул
тууралуу Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекемеден
билдиришкендей, ушул айдын 7нен бери өлкөнүн бардык аймактарында кайрымдуулук,
ыктыярдуулук жана экологиялык иш-чаралар, бош орундардын жарманкелери, жаштар
үчүн ар кандай фестивалдар, концерттер, семинарлар өтүүдө. Казакстандын ар бир
облусунда жума сайын өткөрүлүүчү “12 жакшылык” кайрымдуулук акциясы уюштурулат.
Бул күндөрү жаш волонтерлор жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү карылар үйлөрүнө,
балдар үйлөрүнө барып, экологиялык акцияларды өткөрүп, муктаждарга жардам
беришет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков