Астанада мыкты кол өнөрчүлөр тандалды

Астанада мыкты кол өнөрчүлөр тандалды

Астананын кол өнөрчүлөрү «Бир айыл - бир өнүм» долбоорунун аймактык этабында өз өнүмдөрүн сунушташты. Бул жергиликтүү чийки зат, салттуу технологиялар жана маданий мурас негизинде жасалган автордук өнүмдөр жана буюмдар. Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча 50 ишкердин ичинен мыкты 10у тандалды, ал эми анын үчөө керектүү жабдык сатып алууга 5 миллион теңге көлөмүндө грант алат. Жеңүүчүлөр брендинг, сертификаттоо жана экспортко чыгаруу боюнча комплекстүү колдоого ээ болот. Белгилей кетсек, «Бир айыл - бир өнүм» долбоору жергиликтүү ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.


Бауыржан Кашубаев, Кол өнөрчү:


- Европадан көп адамдар менден алып, колдонушат. Өзгөчө, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, карылар, көбүнчө кош бойлуулар алышат. Башкача айтканда, реабилитациялык борборлор, карылар үйлөрү, өзгөчө чет өлкөлөрдө көп болгондуктан, алар алышат. Ошондуктан, мен бул товарды ашыкча жарнамалоонун кереги жок деп эсептейм, бирок бул үйдө керектүү нерсе.


Азыр биздин шаарда кол өнөрчүлөр тууралуу билгендер аз, биз аларды маркетинг жагынан мүмкүн болушунча колдоого аракет кылабыз. Аталган долбоор бүткүл Казакстандын бардык аймактарында бир убакта ишке ашырылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков