Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев билдирди. Элге жеткиликтүү болуш үчүн кымбат унаалар каралбаган. Адаттагыдай эле насыя 10 миллион теңгеге чейин деп белгиленди. Программанын былтыркы тажрыйбасы эл арасында нааразычылыктарды жаратканы маалым. Бул биринчи кезекте транспорттун жетишсиздигинен пайда болгон. Эми анын ордун толтуруу үчүн быйыл өткөн жылдагыдан 30 пайызга көп унаа чыгаруу мерчемделген. Буга кошумча кезек күтүүлөрдү жана тыгындарды чечүүнүн жаңы механизми киргизилет. Мындан ары жаңы автоунаа алам дегендер алгач өнөржайды колдоо фондуна кайрылышат. Ал жерде электрондук кезек түзүлөт.
Марат Карабаев, Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри:
- Өнөржайды колдоо фонду электрондук кезек киргизебиз деп жатышат. Азыр, мисалы, унаа сатып алуучу биринчи салонго барат. Ал жерден талон алат, андан соң банкка барат. Анын алдын алуу үчүн алгач фондго келет. Фонддон кезекти электрондук түрдө алат. Ал кезек менен салонго барат. Ал эми салон, өз кезегинде, эки айдын ичинде ага унаа таап берүүнү сунушташат. Азыр ал өнөр жай, тагырагы унаа өндүрүүчүлөр менен бирге бышыктап жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков