Рейтинг Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунун адистери тарабынан даярдалган. Алардын маалыматына караганда, эң көп «талап кылынган» кесиптердин арасында мугалим, эсепчи, күзөтчү, инкассатор жана ага жакын кесиптер, дүкөн сатуучулары жана алардын жардамчылары болгон. Мындай корутундуну борбордун талдоочулары 2023-30-жылдарга карата кадрларга болгон муктаждыктын орто мөөнөттүү болжолунун негизинде аныкташкан. Ошол эле учурда, серепчилердин пикири боюнча, китепканачылар, сот кеңсесинин кызматкери, корректор, кол өнөрчүлөр, жеке керектөө үчүн өнүм өндүргөн айыл чарба фермерлери эң аз талап кылынган кесиптердин катарына кириши мүмкүн. Борбордун болжолдоосу боюнча, 2030-жылга чейин жогоруда аталган бардык адистерге суроо-талап болжол менен 10,5 миң адамды түзөт.
Александра Молчановская, Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунун башкаруучу мүдүрү:
- 2030-жылга чейин кадрларга болгон муктаждыктын орто мөөнөттүү болжолу демографиялык ыкманы колдонуу менен макроэкономикалык моделдин негизинде даярдалды. Калкты иш менен камсыз кылуунун статистикасы, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жана министрликтердин өнүгүү планы колдонулду. Бул маалыматтар мамлекеттик буйрутманы калыптандыруу үчүн керектелет, анткени бул 7 жылга болжол. Билим берүү уюмдарында окутуу мөөнөтү 2-4 жыл. Башкача айтканда, аталган мезгилде суроо-талапка ээ болгон кесиптерди даярдоого жана алмаштырууга убакыт болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков