Казакстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу учурда Түркияда жүргөн бардык мекендештерди сак болууга чакырат. Өзгөчө эл көп чогулган жерлерде этият болууга кеңеш берет. Казакстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүгү Түркиянын бийлиги менен тыгыз байланышта. Жабыркаган Казакстандын жарандары тууралуу маалымат жок. Эскерте кетсек, кечээ Стамбулдун эл жык толгон Истиклал көчөсүндө жарылуу болгон. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 81 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай жардыруу террордук акт катары бааланганын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков