Астанада Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 18 казакстандык курман
болгондон кийин «эрдиги, милдетине берилгендиги үчүн» медалы менен сыйланды.
Сыйлыктар республиканын аскердик-тарых музейинин дубалдарында каза болгон
жоокерлердин туугандарына, балдарына, неберелерине жана чөбөрөлөрүнө
тапшырылды. Иш-чара «мемориалдык аймак» издөө тобу менен биргеликте уюштурулду.
Анын жетекчиси Майдан Кусаиновдун айтымында, архивдик жана талаа издөө иштери
ушул күнгө чейин уланып келет. Казакстандыктардын гана эмес, башка өлкөлөрдөн
курман болгондордун да аты-жөнү, фронттогу тагдыры такталууда.
Майдан Кусаинов, «Мемориалдык аймак» издөө тобунун жетекчиси:
- Бул «эрдиги жана
милдетине берилгендиги үчүн» медалы менен дайынсыз жоголду деп эсептелген же
согуш талаасында курман болгон командирлердин экинчи сыйлыгы. Эми дайыи жылдан
жылга өзүбүздүн эле эмес, эл аралык сыйлыктарды да берип турабыз. Финляндиядадан дагы сунуштар келип жатат. Жалпысынан бир нече өлкөнүн медалдары бар.
Ошондуктан жакын арада ушундай эле иш-чараны Финляндияда, Грузияда өткөрүүнү
пландап жатабыз.
Розахан Оспанова, Улуу Ата мекендик согуштун баатырынын урпагы:
- Мен бул жерде болуп жаткан иш-чарага чакыруу менен келдим. 41-жылдан
45-жылга чейин согушка кеткен атамдын үч бир тууганы-бул жерде алардын сөөктөрү
кайда экени аныкталды. Бул окуянын урматына мен бул жакка келдим. Мен бул
боюнча иштеген бардык кызматкерлерге ыраазымын, рахмат! Алар биздин
аталарыбызды таап беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

