Астанадагы инновациялардын эл аралык сынагында Казакстан,
Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын студенттери айыл чарба тармагындагы
санариптик чечимдерди, агроөнөржай жана туризмди өнүктүрүү үчүн алдыңкы
технологияларды, биология жана башка илимдер жаатындагы ноу-хауну көрсөтүштү. Бул-Борбордук-Азиялык
этап, сынактын финалы Кытайда өтөт. КЭРнын Өкмөтү 10 жылдан бери жаштар
арасында мындай мелдешти уюштуруп келет. Салт боюнча жеңүүчүлөр долбоорлорун
ийгиликтүү ишке киргизүү жана рынокко чыгуу үчүн ар тараптуу колдоо алышат. Сынактын
алкагында казак агротехникалык изилдөө университетинин дубалында «Кытай-Борбордук Азия» жаштар лагери уюштурулган. Бир аянтчага 100дөн ашуун жаш
илимпоздорду бириктирди. Иш - чаралар келерки аптада Астанада өткөрө турган «Борбор Азия-Кытай» саммитинин алдында өтүп жатат.
Жанна Абулхаирова, С.
Сефуллин атындагы КазАТИУ илим жана инновация департаментинин мүдүрү:
- Биздин
студенттер стартаптарды татыктуу көрсөтө алышат. Чыгып сүйлөй алышат, көрө
алышат, экинчиден, кытай студенттери жана Азия студенттери менен кандайдыр бир кызматташуу,
өз ара аракеттенүү болот. Мындан ары биздин стартаптар эл аралык рынокко чыгат
деп үмүттөнөбүз. Биз Кытай жана башка өлкөлөр менен эл аралык жигердүү
кызматташуудабыз. Мисалы,
Кытай менен биздин биргелешкен Казакстан-Кытай лабораториябыз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

