Казакстандык жандооч системасы Монголияга экспорттолот

Казакстандык жандооч системасы Монголияга экспорттолот

Казакстанда жасалган жер спутниги Монголияга экспорттолот. Эки тарап жерди аралыктан зонддоо тутумун түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган тарыхый инвестициялык келишимге кол коюшту. Жер жандоочу  Монголиянын муктаждыктарына ылайыкташып, аймактык спутник инфраструктурасын бекемдейт, деп билдирди өлкөнүн тармактык министрлиги. Муну менен катар бул эки өлкөгө тең Жердин абалын натыйжалуу көзөмөлдөөгө, суу ресурстарын башкарууга жана айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү талдоого мүмкүнчүлүк берет. Долбоор Монгол инженерлеринин катышуусу менен Казакстандын Улуттук космос борборунун базасында жүзөгө ашырылат.  Казакстандык адистер Монгол кесиптештерин окутуу милдетин да өз мойнуна алышууда. Белгилей кетсек, бул республиканын тарыхында атамекендик инженерлер тарабынан иштелип чыккан биринчи экспорттук спутник.

Которгон: Илгиз Жамалбеков