Экономикалык өсүш маселелерин Казакстандын премьер-министри серепчилер менен талкуулады

Экономикалык өсүш маселелерин Казакстандын  премьер-министри серепчилер  менен талкуулады

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов экономикалык өнүгүү, келечектүү тармактар, тышкы тобокелдиктер боюнча серепчилер менен жолугушту. Талдоочулар дүйнөлүк процесстердин жана конъюнктуранын таасирин эске алуу менен улуттук экономиканын өсүү темпи боюнча кырдаалга баа берүү жана болжолдоолорду сунуштады. Жолугушуунун катышуучулары тармактык модернизациялоо, инвестиция тартуу, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, инфляцияны кармоо жана жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн электр энергиясын өндүрүү боюнча сунуштарды карашты. Салык реформасына жана өткөөл мезгилдин маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Өкмөттүн чечими менен кошумча нарк салыгы боюнча эсепке туруу босогосунан ашкан салык төлөөчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ал эми негизги карыз чын куран айынын 1не чейин төлөнсө, айып пулдар жана туумдар кечирилет. Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр мамлекеттик органдарга адистердин сунуштарын иштеп чыгууну жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков