Казакстан-Венгрия: Сооданын өсүшү 20 пайызды түздү

Казакстан-Венгрия: Сооданын өсүшү 20 пайызды түздү

Казакстан менен Венгрия жакынкы арада өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Касым-Жомарт Токаев менен Виктор Орбан казак-венгр мамилелеринин абалы жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Айта кетсек, Венгриянын премьер-министри расмий сапар менен Казакстанга келди. Тар жана кеңейтилген чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн алдында Акорда резиденциясында жогорку даражалуу конокту тосуп алуу аземи болду. Баарлашууда мамлекет башчысы бул сапар эки тараптуу кызматташууга түрткү болорун баса белгилеп, чакырууну кабыл алып, Түрк мамлекеттер уюмунун мааракелик саммитине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Касым-Жомарт Токаев эки элдин тарыхый тамыры орток экенин өзүнчө белгиледи. Алар өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн негизине айланды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Орто кылымдарда Торгай талаасынан Европага көчүп келген кыпчак урууларынын урпактары бүгүнкү күндө Венгрияда жашайт. Биз муну менен сыймыктанабыз. Биздин биргелешкен аракетибиздин аркасында казак-венгр интеграциясы бардык тармактарда динамикалуу өнүгүп жатат. Урматтуу премьер-министр мырза, сиз бул ишке баа жеткис салым кошуп жатасыз. Биз бир туугандык мамилелерибизди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыктарбыз.

Өз кезегинде Виктор Орбан өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалап, Венгрия Казакстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү катары кала берерин баса белгиледи.

Виктор Орбан, Венгриянын Премьер-министри:
- Биз азыр мамилелерге жаңы дем берүү үчүн келдик. Бул чөлкөмдө биздин сиздер менен эң жакын тарыхый байланыштарыбыз бар жана сиздердин ийгиликтериңиздер бизди абдан кубандырат. Казакстан олуттуу жетишкендиктерге жетишкен көрүнүктүү өлкө. Казакстанга жасаган ар бир сапарым терең таасир калтырат.

Дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга карабай Казакстан менен Венгриянын ортосундагы соода былтыркы жылы 20%дан ашык өстү. Бирок бул чек эмес — бардык зарыл шарттарды эске алуу менен Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия, ошондой эле Ишкерлер кеңеши түзүлгөн. Жалпысынан Казакстан Венгрияга 700 миллион долларлык товардын дээрлик жүз түрүн жеткирет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Жылдын аягына чейин Батыш Казакстандагы ири Рожковское газ-конденсат кени ишке киргизилет. Ага Венгриянын MOL мунай-газ компаниясынын катышуусу 192 миллион долларды түзөт. Мындан тышкары Globalia өлкөнүн бир катар аймактарында күн электр станцияларын курууну пландаштырууда.

Маданий-гуманитардык тармак казак-венгер мамилелеринин алтын көпүрөсү болуп калды. Венгрия өкмөтүнүн колдоосу менен казакстандык студенттер 10 жылдан бери аталган мамлекетте билим алууга грант алышат. Ага ылайык,  бүгүн тараптар программаны улантуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ал эми эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Президент Касым-Жомарт Токаев Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанга 1-даражадагы «Достук» орденин ыйгарды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков