Астанада Казакстан элдери
Ассамблеясынын кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү. Кеңешмеде уникалдуу түзүмдүн
этностор аралык биримдикти жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы талданып,
мындан аркы иштин багыттары аныкталды. Иш-чаранын катышуучуларынын жалпы пикири
боюнча, Ассамблея консультативдик-кеңешүүчү органдан парламенттик өкүлчүлүк укугу
бар фундаменталдык конституциялык институтка айланды. Мындан тышкары,
серепчилер коомдук институттун принциптерин сактоо жана алдыга жылдыруу
маанилүү экендигин белгилешти. Мында этномаданий бирикмелердин, аксакалдар жана
энелер кеңештеринин, илимий-серепчилик ишмердүүлүктүн, этномедиация
институтунун жана жаштар кыймылынын өнүгүү жолдору каралды.
Арман Кырыкбаев, Президенттин
ички саясат маселелери жана коммуникациялар боюнча жардамчысы:
- Өлкөдө динге, тилге, этностук
тегине карата ар кандай басмырлоого жол бербеген мыйзам натыйжалуу иштеп жатат.
Ассамблея бул жолдо адилеттүү Казакстан, мыйзам жана тартип принциптерин,
ошондой эле адал жаран концепциясын алдыга жылдырган "Таза Казакстан"
жалпы улуттук акциясынын кадыр-барктуу мүчөсү бойдон кала берет.
Евгений
Болгерт, Парламент Сенатынын депутаты:
- Ассамблея консультативдик-кеңеш органдан мамлекет башчысынын колдоосунун аркасында парламентте өз добушуна ээ конституциялык институтка чейинки чоң жолду басып өттү. Уникалдуу структура өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жарчысына айланды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

