Казакстан
жасалма интеллект жаатында өз технологияларын өнүктүрүүдө. Астанада өткөн
Digital Bridge көргөзмөсүндө акылдуу
системалар жана жасалма интеллект институтунун (ISSAI) өнүмдөрү сунушталды. Иштеп чыгуулар толугу
менен жергиликтүү жана бүгүнкү күндө эле практикалык маселелерди чечүүгө жардам
берет. Алардын арасында 5 тилде которуу жана кепти синтездөө үчүн иштелип
чыккан Mangisoz сервиси бар. Булар - казак, орус, англис, түрк жана кытай
тилдери. Мында тиркемеге жүктөлгөн бардык маалыматтар өлкөнүн ичинде иштетилип,
сакталат. Мындай ыкма коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Мындан
тышкары, Институт башка долбоорлордун үстүндө да иштеп жатат. Артыкчылыктуу
багыттар - кызматтарды санариптештирүү жана жасалма интеллекттин колдонмо
куралдарын жарандар жана бизнес үчүн өнүктүрүү.
Амина Байкенова, ISSAI мүдүрүнүн
өнүм
жана тышкы байланыштар боюнча орун басары:
- Бизде
Oylan бар – бул казак тилинде, Казакстандан алынган маалыматтар боюнча
үйрөтүлгөн ChatGPTге окшош нерсе. Аны медициналык мекемелерде дарыгердин экинчи пикирин
алуу үчүн колдонсо болот. Ал текстти да, сүрөттү да, аудио жазууларды да
түшүнөт. Ошондой эле биздин өнүм
мындан ары да өнүгөт. Кийинки биздин өнүм бул Beynele – сүрөт
жаратуучу жасалма интеллект. Дагы бир
өнүмүбүз
биздин флагмандык иштеп чыгуубуз. Ал жакында эле чыкты. Бул Tilsync –сиз
реалдуу убакытта үч тилде, казак, орус, англис тилдеринде субтитрлерди алуу
үчүн колдоно ала турган тиркеме.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

