Билим берүү процессин санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү.
Астанадагы салтка айланган республикалык Август конференциясында бул негизги
темалардын бири болду. Быйыл иш-чара саммит статусуна ээ болуп, ага
казакстандык мугалимдер жана эл аралык эксперттер катышты. Жалпысынан 500
миңден ашуун адам жыйналды. Билим берүү
министри өз сөзүндө 2026-жылдан баштап мектептеги билим берүү программаларына ЖИ
элементтерин киргизүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи. Биздин өлкө
учурдагы дүйнөлүк тажрыйбаны кабыл алууга жана адаптациялоого даяр.
Гани Бейсембаев, Казакстандын окуу-агартуу министри:
- Бүгүнкү күндө биздин күнүмдүк жашообузду
жасалма интеллектсиз элестетүү мүмкүн эмес. Арабызда бир да жолу
ChatGPT -ни колдонбогон адам жок чыгар. Ошондуктан,
биз азыр бул глобалдык мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгын окуу программасына
киргизишибиз керек. Жасалма интеллект технологиясын билимге сабаттуу
киргизүү-окутуунун натыйжалуулугун, жеке окуучуга багытталышын камсыз кылат. ЖИ
мугалимдерге абдан жардам берет. Мурда, эгерде мугалим бир сабакта
бардык окуучуларды баалай албаса, эми сабактын жүрүшүндө ЖИ жардамы менен, мугалим 100
пайыз кайтарым байланышта боло алат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков