Казакстан президентинин Сербияга расмий иш сапары

Казакстан президентинин Сербияга расмий иш сапары

Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Сербияга барды. Аба мейкиндигинде мамлекет башчысын кабыл алуучу өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн тик учактары коштоп жүрсө, Белград аэропортунда Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн президенти Александр Вучич тосуп алды. Белгилей кетсек, тараптар сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде өткөрүшөт. Президенттер эки мамлекеттин саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Буга кошумча, Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич менен жолугушуу да мерчемделген.


Белгилей кетсек, президент Касым-Жомарт Токаевдин сапарынын урматына Белграддагы 168 метрлик мунара Казакстандын көк туусунун сүрөтү менен кооздолду. Бир айдан ашык убакыт мурун ачылган мунара Сербиянын борборунун жаңы символуна айланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков