Касым-Жомарт
Токаев мамлекеттик жана коомдук ишмер Равиль Шырдабаевге «Мекен» орденин, Казакстандын
Эмгек сиңирген ишмери Серик Токпановго 1-даражадагы «Барыс» орденин салтанаттуу
түрдө тапшырды. Президент иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Равиль Шырдабаевди
эгемендүүлүк алган жылдардан бери улуттук иштерге активдүү катышып,
мамлекеттүүлүктү чыңдоого зор салым кошкон атуул катары өзгөчө урматтай
турганын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Өзгөчө мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө
чоң салым коштуңуз. Сиздин демилгеңиз менен бул тармак жаңы баскычка чыкты десек болот.
Министр, облус акими,
депутат катары
улуттун кызыкчылыгына ак ниеттүү кызмат кылдыңыз. Дипломатия тармагында
иштеп жүрүп, өлкөбүздүн эл аралык аброюн чыңдоого катыштыңыз.
Ошондой
эле мунай өндүрүү боюнча бир нече илимий эмгектердин авторусуз. Элибиз «Эмгеги менен эр сыйлуу»
дейт. Сиздин талыкпаган эмгегиңиз өсүп келе жаткан муунга үлгү.
Муну менен катар президент
тажрыйбалуу дарыгер, «алтын кол хирург» катары Серик
Токпановдун өнөктүү
өмүрүн улуттун саламаттыгы үчүн кызмат кылууга арнаганын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Саламаттыкты сактоо
тармагында элүү жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатасыз. Дарыгер болуу
кесипке берилгендик дегенди билдирет. Бул жүгү оор, татаал иш. Эмгек жолуңузда өтө
татаал операцияларды жасап, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калдыңыз. Чыныгы, мээримдүү дарыгер
болдуңуз. Казакстанда
медицина илиминин өнүгүшүнө эбегейсиз салым коштуңуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

