Казакстанда аяк оона айынын 1нен тарта
президенттик жаштар кадрдык резервине тандоо башталат. Быйыл мамлекеттик
башкарууга талапкерлер 6 багыт боюнча тандалат. Долбоорго катышуу үчүн арыздар аяк оона айынын 30на чейин кабыл алынып, план боюнча 50
талапкер тандалат. Мелдештин жыйынтыгы бештин айында белгилүү болот. «Болашак» программасынын
Атыраудык бүтүрүүчүсү Аслан Даулетияров да документ тапшырууну көздөөдө. Ал Улуу Британияда «архитектор» адистиги
боюнча магистр даражасын алган.
Аслан Даулетияров, «Болашак» программасынын бүтүрүүчүсү:
-Президенттик кадрдык резервге өткөндө менин алдымда маанилүү маселелер турганын түшүнөм. Бул үчүн менин билимим, тажрыйбам жетиштүү деп эсептейм. Мен "инфраструктуралык" багытты тандагым келет.
Белгилей кетсек,
калыстар тобу тандоону таза жана ачык өткөрүү үчүн сынактын катышуучуларынын
аты-жөнүн билбейт. Анын ордуна, ар бир катышуучуга сериялык номер ыйгарылат.
Азамат Жолманов, мамлекеттик кызмат иштери агенттиги
төрагасынын орун басары:
-Резервке киргенден кийин анда 3 жыл бою турат. Ошол 3 жылдын ичинде ага мамлекеттик кызматта ар кандай кызматтар сунушталышы мүмкүн. Башкача айтканда, резервге кирүү сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматка ээ болуу дегенди билдирбейт. Бул, биринчиден, мүмкүнчүлүк.
Президенттик
жаштардын резервине тандоо үчүнчү жолу өтүп жатат. Ага чейин бул тизмеге 350
казакстандык кабыл алынды.
Резервдердин 75%ы
мамлекеттик органдарда жана квазимамлекеттик уюмдарда иштейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков